Шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында көрнөк-жарнактарды, баннерлерди бирдиктүү дизайнга алып келүү иштери улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун кызматкерлери, борбор калаанын мэриясынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргелешкен рейд өткөрүштү.
Рейд Чүй проспектисинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки Абдрахманов жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн боюндагы тышкы көрнөк-жарнактары боюнча өткөрүлдү.
Анын жыйынтыгы менен уруксатсыз 60 жарнама түзүлүштөрү алып салынган.