Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечек оорусу балдар арасында катталып жатканын айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Розамунд Льюис маймыл чечеги жаш балдардын арасында да катталып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылууда.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, маймыл чечек оорусун жуктуруп алгандардын арасында 18-19 жаштагы балдар, ошондой эле 10 жашка чейин жана 5 жашка чейинки балдар да бар.

"Жаш балдар арасында да бул илдет катталып жатканы бизге маалым болду. Муну биз оору үй шартында чоңдордон жуккан деп божомолдоп жатабыз. Арасында 10 жашка чейин жана 5 жашка чейинки балдар да бар. Кош бойлуу аялдар жана жаш балдар бул илдетти жуктуруп алган учурда кооптуулугу жогору", - деген Розамунд Льюис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан