ДССУ: "Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны акыркы 2 аптада 30 пайызга жогорулады"

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, акыркы 2 апта ичинде коронавирус илдетин жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча дээрлик 30 пайызга жогорулаган.

"Европа жана Америкада коронавирустун BA.4 жана BA.5 штаммы көп катталууда. Ал эми Индияда бул илдеттин жаңы штаммы аныкталды. Учурда бул жаңы штаммга изилдөө жүргүзүп жатабыз. Бүт өлкөлөрдү калкты эмдөө ишин токтотпоону өтүнөбүз. Өзгөчө улгайган адамдар, өнөкөт оорусу барлар, иммунитети начар адамдар жана медицина кызматкерлери эмдөөдөн сөзсүз өтүшү керектигин эскертебиз", - деген Гебрейесус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан