Шавкат Мирзийоев Каракалпакстандагы баш аламандыкты чет элдик күчтөр козутканын айтты

Каракалпакстандын борбору Нукустагы баш аламандыктарды чет элдик күчтөр бир нече жылдан бери даярдап келген, алардын максаты Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу экенин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев билдиргенин өзбек басылмалары жазышат.

"Албетте, бул окуялар бир күндө же он күндө даярдалган эмес. Бул аракеттер чет элдик күчтөр тарабынан жылдар бою даярдалган. Алардын негизги максаты Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу жана улуттар аралык жаңжал чыгаруу", - деген Мирзийоев.

Президенттин айтымында, укук коргоо органдарынын аракеттерин да кылдат талдап чыгуу зарыл. Эгерде алар мыйзамсыз күч колдонгон болсо, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

"Учурда Каракалпакстанда абал туруктуу. Эң негизгиси элдин тынчтыгына эч нерсе коркунуч туудурбашы керек. Экономиканын бардык тармактары, калкты тейлөө кызматтары кадимки режимде иштеп жатат. Жергиликтүү калк күнүмдүк иштери менен алектенүүдө", - деген өзбек президенти.

Белгилей кетсек, Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында жүздөгөн жарандар митингге чыгышкан. Алардын нааразычылыгы Баш мыйзамга киргизилип жаткан Каракалпакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнө тиешелүү жаңы өзгөртүүлөр менен байланышкан.

2-июлда аталган аймакта 3-июлдан 2-августка чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, өлкөгө кирүүгө жана чыгууга чектөөлөр кирип, бардык коомдук иш-чараларга тыюу салынган.

Маалымат үчүн: Каракалпакстан Өзбекстандын батышында жайгашкан автономдуу республика. Аянты жалпы Өзбекстандын 40 пайызын түзөт. Аталган өлкөдө 2 миллионго жакын эл жашайт. Алардын көбү каракалпактар, өзбектер жана казактар.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан