Жалал-Абадда Курман айт майрамында 800дөн ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБинде жана облустагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүндө Курман айт майрамына карата саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, саптык кароодо ар бир кызматкердин кызмат өтөөгө даярдыктарын текшерүү, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоодогу алардын кызмат өтөө жайлары, кайгуулдоо багыттары айтылды.

Ошону менен катар Жалал-Абад ОИИБинин маалымат технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси Нурбек Алимбаевге ички иштер министринин буйругу менен кезектеги «милициянын полковниги» наамы ыйгарылды.

Эскерте кетсек, Курман айт майрамын белгилөөдө облус аймагында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 800дөн ашуун милиция кызматкери камсыздап, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшмөкчү.

Маалымат үчүн: Курман айт майрамы 9-июлда белгиленет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан