Ош шаардык прокуратурасы "Манас-Ата" кафесинин имаратын бузуу үчүн сот органдарына доо арыз менен кайрылууну сунуштады. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, буга аталган имараттын кызыл сызыктан чыгып курулгандыгы жүйө.
Маалыматка ылайык, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин адистери иликтөө жүргүзүп, кафенин жер тилкесин 2017-жылдын 31-ноябрында Юлдашбай Нематов сатып алганын аныктаган.
2018-жылдын 18-майында ал жерге жеке турак жай куруу үчүн техпаспорт даярдалып, шаардын башкы архитектору менен макулдашылган. Бирок берилген документке карабастан Аскар Шакиров көчөсүнүн кызыл сызыгынан чыгып, "Манас-Ата" кафеси курулган.
Мындан улам Нематовго 2018-жылы жана 2019-жылы эскертүүлөр берилип, мэриянын Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн адистери менен биргеликте жеринде акт түзүлгөн. Андан сырткары 2019-жылдын 20-мартында Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн Мамэкотехинспекцияга өткөрүп берген.
Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча архитектуралык курулушту контролдоо боюнча башкармалыгына мыйзамсыз курулган "Манас-Ата" кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча сот органдарына доо арыз келтирүү үчүн тапшырма берилди.
Эске салсак, буга чейин «Не сахар» долбоорунун журналисттери «Манас-Ата» кафесиндеги санитардык эрежелер сакталбаганын жарыялашкан. Тартуу учурунда кафенин кызматкерлери журналисттерди имараттан чыгарууга аркеттенип, натыйжада ортодо пикир келишпестик жаралып, уруш чыккан.
Аталган материал жарыялангандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жыйын өткөргөн жана бул коомдук тамактануу жайы тиешелүү документтери жок иштеп жаткандыгы белгилүү болуп, кафе убактылуу жабылган.