"Адамдарды таануу жөндөмү жоголуп...". Актёр Бред Питт айыккыс ооруга чалдыкканын билдирди

Америкалык актёр Бред Питт айыккыс дартка чалдыкканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр айыккыс дартка чалдыгып, адамдарды жүзүнөн таануу кыйынга туруп жатканын билдирген.

"58 жаштагы Голливуд актёру адамдардын жүзүн таануу жөндөмү жоголуп, бирок объектилерди таануу жөндөмү сакталып калган прозопагнозия дартына чалдыкканына ишенерин айткан. Бред Питт иш-чараларда жана кечелерде досторун таануу кыйынга туруп, мындан улам жакындары аны текебер деп ойлоп калуусунан кооптонуп жатканын кошумчалаган", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин актёр оорусу тууралуу 2013-жылы айткан, азырынча дарыгерлер расмий түрдө диагноз коё электиги маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан