Бишкектеги №61 мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиада 28-июндан 3-июлга чейинки аралыкта Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:
Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.