Жалал-Абад шаарындагы Маяковский көчөсүнө асфальт төшөлөт. Шаардык мэриянын маалымат борборунан маалымдашкандай, учурда атайын техниканын жардамы менен эски асфальт алынууда.
Вице-мэр Элдос Таев тиешелүү адистер менен биргеликте аталган көчөдөгү курулуштан жеринде кабар алды. Анда жолдун сапатына көңүл буруу, курулушту тезирээк бүткөрүү тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, Маяковский көчөсү бир топ жылдардан бери кароосуз калган. Учурда анын 215 метр аралыгына 7 метр кеңдикте асфальт төшөлөт. Курулушту Жалал-Аабд шаардык мэриясынын Жол башкармалыгы жолдорду жамап-жасоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзөт.