Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын кошумча дозасын алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов буга чейин эмдөөнүн толук курсунан (2 доза) өткөн. Учурда ал вакцинанын экинчи бустердик дозасын алууда.
"Вакцинадан баштапкы коргонуу азая баштаганда, коргоону жогорулатуу үчүн вакцинанын кошумча дозасы талап кылынат, ал бустердик доза деп аталат. Бул кошумча доза адамды оорудан коргоо үчүн көбүрөөк антителолорду пайда кылат. Бустердик доза вакцинанын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынан жакшыраак коргоону камсыздайт.
Министрлер кабинети эмдөө коронавирус инфекциясында жеке жана жамааттык иммунитетти түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет. Мындан тышкары, эмдөө – жарандарды коронавирустун күчөп кетүүсүнөн жана зыяндуу кесепеттеринен коргоонун эң ишенимдүү жолу болуп саналат", - деп жазылган маалыматта.