Бүгүн, 7-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 417 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши жана агып чыгышы жарыяланган эмес.
Былтыр, 2021-жылы 7-июлда суунун көлөмү 11 миллиард 182 миллион метр кубду түзгөн.