Бүгүн Кыргыз циркинде Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата иш-чара өтөт

Бүгүн, 3-декабрда саат 12:00дө Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата Кыргыз циркинде иш-чара өткөрүлөт. Иш-чарага Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчилиги катышат. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө майрам ээлерине арналган концерт уюштурулмакчы.

Белгилей кетсек, 1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 3-декабрды Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан