Муфтият: "Садыбакас Дооловдун сөзү кадыр-баркка шек келтирбейт"

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас Дооловдун видеосун 3 критерий менен карап чыкты.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, анда шариятты бузбагандыгы, саясатка аралашпагандыгы жана жеке бир адамдын аброюна жана кадыр-баркына шек келтирбегендиги аныкталган.
"Учурда Садыбакас Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды", - деп жазылган маалыматта.
6-июлда социалдык тармакка диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосу тараган. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылганы кызуу талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан