Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетип жатканын жарыялаган соң, украиналыктар социалдык тармак аркылуу Борис Жонсонду Украинанын өкмөт башчысы болушун суранып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка таяна турган болсок, Твиттер социалдык тармагында украиналыктар Борис Жонсон Украинанын министрлер кабинетин жетектесе жакшы болмок деген ойлору менен бөлүшүүдө.
Эң көп бөлүшүү жана жакты белгисин алган твиттердин бири "Жонсон мырза, сизге сунушум бар. Бизге премьер-министр керек" деп жазылган. Бул билдирүүнү көпчүлүк колдоп, Борис Жонсонду Украинанын премьер-министри кызматынан көрүүнү каалап жатышканын жазышкан.
Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетип жатканын жарыялаганы жазылган.