30-ноябрда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын түзүлгөндүгүнүн 40 жылдык мааракеси болду. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусундагы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Калыс Ахматов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Урматбек Шамырканов жана жоокерлердин ата-энелери катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 38 жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземи болуп, каалоо-тилектерин айтылды. Кыргыз Республикасынын өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамына сыйлыктар тапшырылды.