Бишкекте "Ысык-Көл досторун чогултат" аталышындагы этно-карнавал болуп өттү (сүрөт)

Бишкекте тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылына арналган иш-чаралардын алкагында "Ысык-Көл досторун чогултат" аталышындагы эл аралык этно-карнавал болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүрүшкө Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 500дөн ашык балдар жана өкүлдөр катышты.

"Катышуучулар "Ала-Тоо" кинотеатрынан баштап Чүй көчөсү менен Шопоков көчөсүнө чейин барышты. Андан соң Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылып гүл коюшту", - деп жазылат маалыматта.

Программага ылайык, иш-чара "Ала-Тоо" ресторанынын амфитеатрында өтүп, карнавал Ысык-Көлдө уланары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан