Чүйдө үч тоннадан ашык жапайы куурай жок кылынды (сүрөт)

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 3 тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү катышты. Анын алкагында Васильевка жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн аймагында аянты 1,9 гектардан ашык жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып, 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда рейддик иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан