Курман айтта коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Курман айтты майрамдоо күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курман айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылат.

"8 миңге жакын милиция кызматкери майрам күндөрү укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылат. Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чараларды көрөт", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан