Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы шаардын көчөлөрүндө кайырчылык кылгандардын көпчүлүгү бирөөнүн атын жамынып, алдамчылык менен алектенип жатканы аныкталып жатканын маалымдады.
“Акыркы күндөрү оорулуу балдарды операция кылганга жардам сурап көчөлөрдө акча чогултуп жүргөн жаш улан-кыздар көбөйдү. Буларды иштетүүнү уюштуруп жаткан адамдардын айрымдары өз кызыкчылыктары үчүн да иштетип жаткандыктары аныкталууда.
Мисалы, видео тасмадагы Ажара аттуу кичинекей кыз Түркиядан дарыланып келгенине эки жумадан ашкан. Ага карабай, уюштуруучулар тарабынан акча чогултуу иштери уланып жаткандыгы аныкталган. Азыркы тапта тилемчиликти күнүмдүк жумушуна айландырган кайырчылар дейбизби же ыктыярчылар дейбизби, айтор, Кайгуул кызматы тарабынан текшерилип, аларды жолдордон тазалоо иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Акыркы жылдары өзгөчө борбор калаанын көчөлөрүндө кайсы бир жарандын чет өлкөгө дарылануусуна каражат чогулткандар көбөйдү. Милиция алар унаалардын каттамы көп жерлерде туруп алышып, айдоочуларга тоскоолдук жаратып, ошону менен бирге өз өмүрлөрүнө да коркунуч келтирип жаткандыгын кошумчалады.