Якутияда жөө күлүк маарага жетерде эсин жоготуп коё жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, жөө күлүк Артур Бурцев атаандаштарынан озуп, маарага жетерде эсин жогото баштаган. Жүрүш өткөн Борогонцы айылында абанын температурасу 35 градус болуп, бул спортчуну алсыратканы айтылат.
Спортчу дарыгерлердин жана апасынын курчоосунда маарага экинчи болуп келген. Бирок жанындагылары чуркоочу аянтка кирип кеткени жана ага жардам бергени үчүн күмүш медалы жокко чыгарылган.