Ысык-Көлдө "Алтын сертификаттын" ээлерине планшет берилди (сүрөт)

Бүгүн, 8-июлда Ысык-Көл облусунда "Алтын сертификаттын" ээлерине планшет тапшырылды. Бул туурасында SUPER.KG порталына президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов "Алтын сертификатка" ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө китеп жана планшет тапшырып, келечек ээлерине ийгиликтерди каалады.

Ысык-Көл облусу боюнча "Алтын сертификат" алгандардын тизмеси:

- Азамат Саламатов, 225 балл – Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;

- Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

- Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

- Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

- Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан