Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бөлмө ичинде градусник сынган учурда кандай чараларды көрүү керектигин билдирет.
Ага ылайык, бөлмө ичинде градусник сынып, ртуть майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып таза аба кирүүсүнө шарт түзүү зарыл.
- Жердеги ртуть затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн лейкопластырь менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт.
- Чогултулган ртутту суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз.Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулуу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.
- Ртуть төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.
Ртуть затына уулануунун белгилери:
- Адам ртутка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;
- Алсыз болуу;
- Табиттин жоголушу;
- Баш оору;
- Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
- Ооз көңдөйүнүн канашы;
- Ич ооруу;
- Көңүл айнуу, кусуу;
- Ич өтүү;
- Шишик пайда болуусу.
Мындай белгилер пайда болгон учурда жакын жердеги медициналык мекемеге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз. Саламаттыгыңызга өз убагында кам көрүңүз.