Укук коргоочу Назгүл Турдубекова 16 жашар кызды зордуктады деп айыпталгандар сот залынан бошотулгандыгын айтып чыккан.
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз менен судьялар кеңешине кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Белгилей кетсек, былтыр, 13-августтан 14-августка караган түнү Жумабек жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыздын айласыз абалынан пайдаланып, аны зордукташкан.