Бүгүн, 8-июлда Бишкектеги Свердлов райондук сотунун астында 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук отурум өтөт.
Соттун имаратынын алдына 200дөй адам митингге чыгышты.
Алар колдоруна "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз”, “Зомбулукка жол жок” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушат.
Мындан тышкары митингдин катышуучулары ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.