Ош шаардык мэриясы “Улуу Жибек Жолу” боюнча Үрүмчү консенсусуна кол койду

26-ноябрдан 30-ноябрга чейин Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү Улуу Жибек Жолун биргеликте, шаарлар аралык экономикалык өнүгүү боюнча эл аралык форумга катышып келишти. Форумда Кыргызстандан, Түркмөнстандан, Азербайжандан, Ирандан, Казакстандан, Түркиядан, Өзбекстандан болуп жалпы 24 өкүл катышып, "Улуу Жибек Жолунун экономикалык коридору” боюнча шаарлар биргелешип протоколдорго кол коюшту. 

Иш-чаранын жүрүшүндө шаарлар аралык экономикалык жактан өнүгүү, өнөр жай ишканаларын биргеликте өнүктүрүү, объектилерди куруу боюнча протоколдорго кол коюлду. Ошондой эле форумда сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда Ош шаарынын ажайып кооз жайларынын эң мыкты сүрөттөрү көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан