Бүгүн, 8-июль күнү Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу медиа өкүлдөр менен пресс-ланч уюштурду.
Иш-чарада айыл өкмөт, мэриялардагы түйшүктүн оордугу, милдеттин көптүгү, жоопкерчиликтин чоңдугу тууралуу кеп козголду.
Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр 189 мыйзам менен иш алып барышат, бардык мыйзамдарды түшүнүп, бир учурда аткарып, үлгүрүү кыйын. Бардык ишти бирдей алып кетүү үчүн тең салмактуу мамиле керек. Учурда айыл аймактарда муниципалдык кызматкерлер жетишсиз. Айлык акынын төмөндүгүнөн көп кызматкерлер жумуштан кетип калып, жумуш орундар бош турат.
Аз айлыкка канаат кылып, мекенчилдик сезим менен иштеген эле кызматкерлер калганы айтылды. Кээде ошол кызматкерлерди дагы иштебей жатат деп камерасын күйгүзүп, эч кандай далили жок эле тепкилегендер көбөйдү. ЖӨБ Союзу элге туура маалымат жеткирүү үчүн журналист-блогерлерди биргеликте иш алып барууга чакырды.
Коомубузда жагымсыз маалыматтар ансыз деле көп болуп жаткан учурда, жакшы жактарыбызды дагы жайылталы деген ой-пикирлер айтылды. Медиа өкүлдөрү айыл өкмөттөрдө жасалып жаткан жакшы иштерди коомчулукка жеткирүү үчүн “Үлгүлүү айыл өкмөт”, “Мыкты практикалык иш” сыяктуу медиа долбоорду иштеп чыгуу боюнча сунуштарды беришти.
Катышуучуларга ЖӨБ Союзунун тарыхы, түзүмү, жетишкендиктери, аткарып жаткан иштери, өнөктөштөрү жана эл аралык байланыштары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ЖӨБ Союзунун башкармалыгынын төрагасын шайлоо болду. Башкармалыктын төрагалыгына бир добуштан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев шайланды.