"Балдар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мындай пикирди бүгүн 8-июлда, Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдында өткөн акцияда SUPER.KG порталына "Балдар укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.
"Балдар жөнүндө" кодекске токтоосуз түрдө өзгөртүү киргизүү зарыл. Антпесе, балдарга карата зордук-зомбулуктун аягы тыйылбайт. Биз анализ кылып чыктык. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча биздин конкреттүү сунуштарыбыз бар. Анда балдар укугун кантип коргоо тууралуу так механизмдер көрсөтүлгөн. Биз буга чейин да бир нече ирет президентти ачык диалогго чакырганбыз, азыр да чакырабыз. Президент бизди кабыл алып сунуштарыбызды укса, жетиштүү көңүл буруп чара көрсө дейбиз", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук отурум болмок. Ал арада соттун имаратынын алдына 200дөй адам нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар колдоруна "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз”, “Зомбулукка жол жок” деген өңдүү жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Ал эми соттук отурум болбой калды. Эмне себептен жана качанкыга жылдырылганы боюнча маалымат айтылган жок.