Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунун айланасындагы кырдаалга байланыштуу пикирин билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык. Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.
Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсы гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”, - деп белгиледи Минкаб башчысы.