Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрине Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага өлкөнүн экс-премьер-министри Синдзо Абэнин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

"Жеке мени, Кыргыз Республикасынын бардык элиндей эле, бул кабар түп-тамыры менен нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат.

Аны жоготуу аны билгендердин бардыгы үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли Япония эли менен бирге аза күтөт", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскерте кетсек, Синдзо Абэге бүгүн эртең менен Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан кезинде кол салуу болгон. Артынан атылган ок Абэнин моюнуна тийгени айтылган. Эс-учун билбей жыгылган саясатчы тик учак менен ооруканага жеткирилип, абалы өтө оор деп бааланган. Синдзо Абэ түштөн кийин көз жумган.
Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагами аттуу жаранды кармашкан. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөткөн эмес. Бир канча убакыттан кийин адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, камакка алынган. Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.
Синдзо Абэ Япониянын өкмөтүн эки ирет жетектеген. Тагыраагы, 2006-2007-жылдары жана андан кийин 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Ал Либералдык-демократиялык партиядан баш-аягы тогуз жолу Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон жана аталган партияны жетектеп келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан