Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда негизинен социалдык маселелер көтөрүлдү, жергиликтүү тургундар жерлерди трансформация, мектептерди куруу, тендерге катышкан компаниялар иштерин толук аяктабай жатышкандыгы, жер семирткичтерди өзүбүздөн чыгарсак, айыл-чарба иштерин жогорку деңгээлде уюштурсак жакшы болот эле суроолор болду.

Ошондой эле Орусияда кылмыш жасап качып келгендерге да ИИМ өзгөчө көңүл буруп берсе деген суроолор болду.

Өз кезегинде Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдердин негизинде иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан