Кыргызстанда малдын саны өскөнү менен, алардын асылдуулугу төмөн

Кыргызстанда малдын саны өскөнү менен, алардын асылдуулугу төмөн. Бул туурасында бүгүн, 3-декабрда Мамлекеттик асыл тукум борборунун директору Баялин Байтемиров билдирди.

Анын айтымында, 1990-жылдары бир саан уйдан 3700-4000 литрге чейин сүт алынса, учурда бул көрсөткүч 2000 литрге түшүп кеткен.

“Биз малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн ар бир облуста бирден борбор ачтык. Алар малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча иш алып барышат”,- дейт Баялин Байтемиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан