"Оору менен алышып". Кол салуудан улам каза болгон Синдзо Абэ тууралуу кызыктар

Бүгүн, 8-июлда Япониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэ кол салуудан улам көз жумду. Саясатчыга Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан учурда 41 жаштагы Тэцуя Ямагами тарабынан далысына эки жолу ок атылган. Абэ ооруканага жеткирилгенден кийин анын жүрөгүнө массаж жасалганы маалымдалган. SUPER.KG порталы бул кызматта эң узак турган Синдзо Абэ тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоду.

Мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Синдзо Абэ 1954-жылы 21-сентябрда Япониянын баш калаасы Токиодогу Синдзюку аймагында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. Өзүнөн кичүү иниси Нобуо Киси төрт жыл бою өлкөнүн коргоо министринде кызмат өтөгөн. Нобуону кичинекей кезинде апасы тараптагы туугандары багып алышкан. Ошондон улам “Киси” фамилиясын алган. Ал эми Синдзонун агасы Хиронобу эки бир тууганынан айырмаланып Япониядагы көрүнүктүү компанияларды жетектейт. Бирок интернет айдыңында ал тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе.

Синдзо (сол тарапта) ата-энеси жана агасы - Хиронобу менен

Чоң атасы Кэн Абэ ошол мезгилдеги көрүнүктүү саясатчылардын бири эле. Ал өз убагында саясаттагы кыраакылыгы менен айыл башчысынан тарта Өкүлдөр палатасындагы депутаттык мандатты алганга чейин барган.

Өз атасы Синтаро Абэ 1982-1986-жылдардын аралыгында Тышкы иштер министрлигинин кызматын аркалаган. Ал саясаттагы жолун 1957-жылдагы премьер-министр, кайын атасы Нобусукэ Кисинин жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. Ал эми Абэнин энеси Ёко Киси тууралуу маалыматтар кездешпейт.

Синдзонун атасы

АКШда билим алган

1977-жылы Синдзо Абэ өз өлкөсүндөгү Сэйкэй университетинин саясат таануу бөлүмүн аятаган. Андан соң АКШнын Калифорния Штатындагы Түштүк Калифорния университетинде бир жыл билим алып келген. 1979-жылы Японияга кайтып келип, “Кобэ Стил” компаниясында үч жыл эмгектенген.

Саясаттагы алгачкы жылдар

1982-жылы Абэ саясаттагы жолун ошол мезгилдеги тышкы иштер министрлиги, өзүнүн атасы Синтаро Абэнин катчысы болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң Синтаро жетектеген Либерал-демократиялык партиясынын мүчөсү, кийин (атасынын көзү өткөн соң) Синдзо өзү аталган партиянын лидери болгон. 1999-жылы социалдык маселелер боюнча департаменттин директору болуп дайындалган.

Өлкө тарыхындагы эң жаш премьер-министр

2006-жылдын 26-сентябрында шайлоодо жеңген партиянын лидери катары Абэ 52 жашында өкмөт башчылык кызматка келген. Муну менен ал Япониянын тарыхындагы эң жаш премьер-министр аталган. Ушул мезгилден тарта Синдзо Абэ Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Анткен менен ал бул кызматты ден соолугуна байланыштуу бир жыл гана аркалаган.

Япон өкмөтүн кайрадан башкарып...

2012-жылы Япониянын парламенти Абэни кайрадан өлкөнүн премьер-министри кылып шайлаган. Ал өз кезегинде жыйырма жыл бою токтоп турган “абэномика” түшүнүгүн жандандырып, өзгөчө экономикалык саясатты жүргүзгөн. Ошондой эле өлкөнү тышкы күчтөрдөн коргоо максатында бир канча иштерди жасап, аны менен катар АКШ менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдеген. Абэнин кызматта турган убагында Орусия менен да бир канча келишимдерге кол коюлуп, жер маселелери чечилген. Саясатчы Тынч жана Индия океандарына эркин соода аймагын түзүү сунушун көтөргөн. 2020-жылдын 16-сентябрында Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетип, премьер-министрлик кызматка Ёсихидэ Суга келген. Белгилей кетчү жагдай, Абэ көп убакыттан бери жон ичегесинин сезгенүүсү менен жабыркап келген. 2007-жылы да дал ушул оорунун айынан өкмөт башчы кызматын таштоого мажбур болгон. Ошентип ал бул кызматта эң узак турган саясатчы катары тарыхта калды.

Синдзо Абэ Норвегия, Сербия, Греция, Сауд Арабиясы өңдүү бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

Абэнин Кыргызстанга болгон иш сапары

2015-жылдын 26-октябрында өкмөт башчы Кыргызстанга иш сапары менен келип, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Анын алкагында эки өлкө ортосунда 9 документке кол коюлган.

Үй-бүлөсү

1987-жылы Синдзо Абэ Япониядагы кондитердик ири компаниянын ээсинин кызы Акиэ Мацузакиге үйлөнгөн. Ал өз учурунда ди-джей болуп эмгектенген. Абэ жана Акие көп жылдан бери бирге түтүн булатканы менен балалуу болушкан эмес.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан