16 жашар кызды зордуктады деп айыпталгандар 6-сентябрга чейин камакка алынышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
“С.Е.И. жана С.Е.А. аттуу жарандарга карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы 6-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камоо деп өзгөртүлдү”, - дешти мекемеден.
Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова 16 жашар кызды зордуктады деп айыпталгандар сот залынан бошотулгандыгын айтып чыккан.
Белгилей кетсек, былтыр, 13-августтан 14-августка караган түнү Жумабек жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыздын айласыз абалынан пайдаланып, аны зордукташкан.