Кыргызстан менен Өзбекстан алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-8-июлга чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.