Бүгүн түнү (3-декабрь)
Киевдеги президенттин администрациясынын имаратында баш аламандыкты уюштурган
деген шек менен 9 адам кармалды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министрлиги
чет элдик маалымат каражаттарына билдирген.
Украинадагы
нараазычылык акциясы бүгүн да уланат. Евробиримдикке кирүүнү колдогон
демонстранттар учурда өкмөттөн бийликти тапшырып берүүсүн талап кылышууда.
Алтургай бүгүн, 3-декабрда Жогорку Рададагы оппозиция депутаттары өкмөткө ишеним
көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүшөт.
Бул окуя тууралуу
Виктор Янукович кечээ, 2-декабрда жергиликтүү телеканалдарга интервью берип,
митингди тынч өткөрүү керектигин, мыйзам бузгандар боюнча бардык териштирүүлөр
мыйзам чегинде жүргүзүлөөрүн кабарлады. Ал эми Украинанын Премьер-министри
Николай Азаров Евробиримдиктин, АКШнын жана Канаданын элчилери менен жолугуп,
анда мамлекеттеги окуяларды өлкө бийлигин кулатууга жасалган аракет катары
баалады.