Синдзо Абэни өлтүргөн адам башка адамды атууну пландаганын моюнуна алган

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни атып өлтүргөн Тэцуя Ямагами алгач башка адамды атууну пландаганын моюнуна алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, сурак учурунда Ямагами кайсы бир диний уюмдун башчысына кол салууну пландаганын моюнуна алган. Бирок кийинчерээк Абэни өлтүрүүнү чечкен, анткени ал Япониянын мурдагы премьер-министринин да бул диний топ менен байланышы бар деп эсептеген.

Кечээ, 8-июлда Япониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэ кол салуудан улам көз жумду. Саясатчыга Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан учурда 41 жаштагы Тэцуя Ямагами тарабынан далысына эки жолу ок атылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан