Санкт-Петербургда күйүп жаткан пенопластты өчүрөм деп күйүк алган Кыргыз жараны: Элчилик бул боюнча үн катты

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында күйүп жаткан пенопластты өчүрөм деп күйүк алган Кыргыз жаранынын абалы орточо оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул окуя 6-июль күнү 2006-жылы туулган жашы жете элек М.И. аттуу Кыргыз жараны үй-бүлөсү менен жашаган "Дачное" бакчасында болгон. Оңдоо иштери жүрүп жаткан жеринен кичинекей өрт чыккан. Өрттү көргөн жашы жете элек бала өрттү өчүрүүгө аракет кылып жаткан учурда колу жана буту күйүп калган.

Учурда өспүрүм Санкт-Петербург шаарындагы шаардык балдар ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Жабырлануучунун абалы орточо деп бааланууда. Кыргызстандык жаран тиешелүү дарылоодон өткөндөн кийин 7-10 күндүн ичинде үйүнө чыгарылат.

"Бул маселе элчиликтин Санкт-Петербургдагы кеңсесинин (бөлүмүнүн) көзөмөлүндө, ага зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Санкт-Петербург шаарында 16 жаштагы Кыргыз жараны күйүп жаткан пенопластты өчүрүүгө аракет кылып жатканда күйүк алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан