Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттукташты

Кошуна өлкөлөрдүн лидерлери кыргыз элин жана өлкө башчы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алгачкы куттуктоо коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келип түшкөн.

Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктап, эки элдин ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелер мындан ары да туруктуу өнүгө берерине бекем ишенерин айтты.

"Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукерликтин жана кең пейилдиктин символу болгон ыйык Курман Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду жолдогонума чексиз кубанычтамын. Бул ыйык күн тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы туугандык байланыштарды чагылдырат. Биздин биргелешкен умтулууларыбыздын аркасында тарыхый тамыры терең өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер акыркы жылдары таптакыр жаңы сапаттык дең ээлге көтөрүлгөнүн канааттануу менен белгилегим келет", - деди Мирзийоев.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо сөзү:

"Куттуу Курман майрам (Ид Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман коомчулугунун биримдигин, өз ара сый-урматын, тилектештигин жана тынчтыгын чыңдоого салым кошот деп терең ишенем", - деп айтылат Түркмөнстандын президентинин куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, прогресс жана мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалады.

"Сизге жана Кыргызстандын дос элине жаркыраган Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду жана жакшы каалоолорубузду айтууга абдан кубанычтамын. Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн куттуу болгон бул майрам эзелтен бери гуманизмдин жогорку идеяларын символдоштуруп, бизди ар тараптуу өнүктүрүүгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого дайыма үндөп келет. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз бул жолдо мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишебиз жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык, тажик-кыргыз ынак коңшулук мамилелерин мындан да жогорку деңгээлге көтөрөрүбүзгө ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоосу:

"Ислам дининин негизги майрамдарынын бири, ыйык Курман айт майрамы руханий биримдикти жана тилектештикти, ошондой эле жакшы иштер үчүн жан аябоого даярдыкты камтыган бийик гумандуу жана адеп-ахлактык баалуулуктарды айкалыштырат", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Палестинанын Президенти Махмуд Аббастын куттуктоо сөзү:

"Палестина мамлекетинин, анын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизди, сиздин атыңыздан бир тууган Кыргыз Республикасынын элин Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн жана кызуу куттуктап коюу мага чоң кубаныч тартуулайт. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, элиңизге жана өлкөңүзгө, ошондой эле биздин бүткүл Үммөтүбүзгө тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалайбыз. Биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу:

"Куттуу Курман айт майрамы менен сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдогонума абдан кубанычтамын.

Кудуреттүү Алладан сизге жана жалпы мусулман үммөтүнө анын берекесин беришин сураймын. Баардык жакшы тилектериңиздерди, кылган амалдарыңыздарды Жараткан кабыл кылсын. Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан