Ош шаарындагы борбордук аянтта 13 миңге чукул адам Курман айт намазын окушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Курман айт намазына калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.
Вице-мэр Марс Исаев өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.