Буга чейин зордуктоого кабылган 13 жашар секелек кызга жардам берүү иретинде акча чогултуу акциясы жарыяланган. Алгачкы төрт саат ичинде 75 миң сом чогулганын алып баруучу Эркин Рыскулбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Биздин демилгечи топ кыздын үй-бүлөсүнө жардам берели деп акча чогултуунун үстүндөбүз. Себеби кыздын атасы жакында эле миграциядан келип, жумушсуз экен. Апасынын да ден соолугу начарлап баратат. Жабыр тарткан кызга медициналык, психологиялык жардам керек жана узак реабилитация зарыл. Учурда бул үй-бүлөнүн дары-дармекке гана эмес азык-түлүккө да каражаты тартыш болуп жатат. Ошондуктан биз акча чогултуу демилгесин көтөргөнбүз. Ар бириңиздерден акча которууну суранабыз", - деп жазган ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Элсом: 0555001862;
Мбанк: 996555001862;
Оптима банк: 4169 5952 0307 0485;
Демир банк: 1180000023490980.