Шри-Ланкада резиденцияны басып алган митингчилер президенттин үйүнөн чоң суммадагы акча каражатын таап алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Митингчилер президенттин үйүн тинтип жатып чоң суммадагы акча каражатын таап алышкан. Табылган акча каражаты коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген. Митингчилер андан тышкары президенттин үйүнөн баалуу буюмдарды дагы табышкан.
Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапакса өлкөдөн чыгып кеткендиги кабарланды. Ал жакынкы күндөрү өзүнүн отставкасын жарыялашы мүмкүн.
Шри-Ланка 1948-жылы Улуу Британиядан эгемендүүлүк алгандан берки эң олуттуу кризисти баштан кечирүүдө. Тактап айтканда, Шри-Ланкада күйүүчү май дээрлик жок, импорттук азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз.