Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы мыйзамсыз жайыт жердин тосулушу боюнча милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2022-жылдын 7-июль күнү Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында ушул эле айылдын тургуну К.Б.нын мыйзамсыз жайыт жерди тосуп алуусу боюнча Нарын ОИИБи тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
"Нарын районунун Ак-Талаа айылынын К.Бнын үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын болжол менен 40-60ка чукул тургуну чогулуп, сүйлөшүү үчүн келишип, дарбазасын такылдатып жаткан учурда үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен үйдүн ичинен топтошкон элди карай ок чыгарган.
Чогулган эл ошол учурда К.Б.нын үйүн таш менен койгулап жатканда К.Б.нын бир тууган иниси Субару-Аутбек үлгүсүндөгү автоунаасы менен келип элди сүзө качырып айдап, автоунаасы менен агасы К.Б.нын дубалын сүзүп, автоунаа жарым кырданып токтогон учурда иниси качып кетип, элди карай ок чыгарган, ошол учурда жарым кырданып турган автоунааны оодарып салышкан. Андан кийин автоунаа белгисиз себептер менен өрттөнүп кеткен.
Андан соң К.Б.нын дагы бир иниси Спринтер унаасы менен келип, элди ары-бери сүзө качырып кубалап, ок атуучу куралы менен элди көздөй ок чыгарган.
Натыйжада атылган октун кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген", - деп жазылат билдирүүдө.
Окуянын чоо жайы: Жайыт жер талаш болуп, өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болушуп, бири-бирин күнөөлөп арыз жазып башташкан. 2022-жылдын 7-июль күнү айылдын элдери көбүнчө жаштар К.Бнын үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда К.Б. үйдүн ичинен чыкпастан терезе аркылуу ок атуучу куралы менен элге карата ок чыгарган.
Аталган окуя боюнча Нарын ОИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам камакка алынып, баш коргоо чарасын тандоо максатында Нарын шаардык сотуна өтүнүч келтирилип, баш коргоо чарасы камак түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Азыркы учурда Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана Нарын облустук милициясы аталган айылда эл менен жолугушуп, коомдук тартипти сактоо багытында айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.