Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында газ чыкты. Жабыркагандар жок

Кечээ, 10-июлда Баткендин Сүлүктү шаарындагы 2 көмүр шахтасын газдан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ куткаруучулар Сүлүктү шаарындагы 2 көмүр шахтасында газдан тазалоо иштерине чыгышкан. Ж.Айтматов шахтасында газ чыккандыгы тууралуу шахтанын башкы инженери кабар берип, куткаруучулар 340 метр аралыгына тосмо орнотуп, газдан тазалап беришкен.
Ушундай эле тазалоо иштери жана техникалык жумуштар "Ак-Тилек" шахтасында да аткарылды.
Жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан