Кыргызстанда COVID-19га каршы жалпы 1 миллион 571 миң 969 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдын маалыматында көрсөтүлөт.
Жалпы эмделгендер:
1-доза - 1 571 969 адам;
2-доза - 1 340 263 адам;
Бустер - 238 186 адам.
2021-жылдын 29-мартынан тарта эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин 2115 учуру катталган.
Анын ичинде:
«Синофарм» вакцинасынан - 1522
«Спутник V» вакцинасынан - 428
«Aстра Зенека» вакцинасынан - 120
«Пфайзер» вакцинасынан - 39
«Спутник Лайт» вакцинасынан - 5
«Модерна» вакцинасынан – 1
Белгилесек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталган.