Бассейнге түшүп, сыналгы көрүп... Шри-Ланкада козголоңчулар резиденциядан чыгуудан баш тартышууда

Шри-Ланкада президенттин резиденциясын ээлеп алган козголоңчулар сарайдан чыгуудан баш тартышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдөгү президенттик сарайды ээлеген көтөрүшчүлөр президент Готабая Ражапакса менен премьер-министр Ранил Викрмасингхе кызматтан кетерин жарыялашканына карабай, имараттан чыгуудан баш тартышкан. Топтолгон эл, анын ичинде балдар да сарайда түнөштү. Алар спорт зал, бассейн жана президенттин керебетинде эс алып, сыналгы көрүшүп күнү бою көңүл ачышкан. Оппозициячыл партиялар жаңы өкмөт боюнча макулдашуу аракетин көрүүдө.

Эске салсак, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан.

Нааразычылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы эгемендүүлүк алгандан бери болуп көрбөгөндөй кризисти башынан кечирүүдө. Азык-түлүк, дары-дармекке болгон таңкыстык жаралып, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолт болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан