92 кыргызстандык Түштүк Кореяга жумушка орношот

Бүгүн, 11-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түштүк Кореяга жумушка кетип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул туурасында министрликтен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Түштүк Кореяга 92 адам жөнөштү. Аларды мыйзамдуу ишке орноштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык уюштурулган.

"Өз убагында Түштүк Кореянын жарандары өнүккөн өлкөлөргө барып, андан кийин мекенине кайтып келип, аны жогорку өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жеткиргенин билебиз. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Түркия өз жарандарын Германияны калыбына келтирүүгө багыттап, бул адистер заманбап Түркияны курушкан.

Бүгүн биздин министрлик Япония, Улуу Британия менен келишим түзүп, Германия менен келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө. Андан тышкары Санкт-Петербургдун өкүлү болгон компаниялар менен жолугушуу өткөрдүк, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр", - деди министр.

Маалымат үчүн: 15 жылдан бери эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын ишканаларында 5 миң кыргызстандыкты жумушка орноштурган. Азыркы учурда Кореяда 2 миңге жакын жаран EBS программасы боюнча иштеп жатат. Көпчүлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында иштешет.

Орточо эмгек акы 1800 долларды түзөт, бөлмө жана тамак-аш жумуш берүүчүнүн эсебинен.

Программанын негизги талабы - корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү, 2022-жылы 1500дөн ашуун жаран корей тилин билүү тестине катышып, 360 адам ийгиликтүү өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан