Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу эртең башталат

Өлкөдө кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 12-июлда башталат. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 12-июлдан 18-июлга чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

- упайлары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
- медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин кесиптик орто окуу жайда (коож) окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур

Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 27-июлдан 3-августка чейин уланат.

Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

- упайлары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
- медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин кесиптик орто окуу жайда окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур

Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 12-августтан 19-августка чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

- баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
- медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин кесиптик окуу жайда окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.

⦁ Абитуриент онлайн автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу менен кесиптик окуу жайларга (коож) абитуриенттердин документтерин электрондук форматта кабыл алынат.

⦁ Адистиктер боюнча (медициналык, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктеринен тышкары) конкурсту конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баасынын негизинде өткөрүү;

⦁ Кошумча кирүү сынактарын тиешелүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча бааны эске алуу менен аттестаттын же күбөлүктүн орточо баасы бирдей болгон абитуриенттер бир орунга талапкер болгон учурда өткөрүү.

⦁ Медициналык адистиктер, ошондой эле маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистиктер боюнча конкурс коож тарабынан өз алдынча өткөрүлүүчү кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент ээ болгон баллдардын суммасы жана профилдик предметтер боюнча бааларды эске алуу менен орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын ортосо баасы боюнча өткөрүү;

⦁ Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билими жөнүндө документтер (Орусия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын окуу жайларынан тышкары) Билим берүү жана илим министрлигинде экспертизадан өтүшү керек. Ошондой эле министрлик тарабынан берилген билимдин мазмунунун деңгээлине ылайык келүүсү жөнүндө маалымкатсыз чет өлкөлүк окуу жайларды аяктаган абитуриенттерди кабыл алууга жол берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан