Ысык-Көл облусунун Жууку ашуусундагы мөңгүнүн көчүшүнөн 1 көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза тапкандар катталган жок. Бирок мөңгү көчкөн учурду видео жана сүрөткө тарткан туристтердин бири бутунан жеңил жаракат алып, ошол эле күнү “Кумтөр” ишканасынын дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түзөт. Анын кесепетинен аталган тилкедеги мал айдап өтүүчү 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Бирок мал айдап өтүүгө жол ачык.