Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун небереси өзүнүн Инстаграм баракчасына таенеси Татьяна Каримова менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Бул Татьяна Каримованын узак убакыттан кийин чыккан алгачкы сүрөтү. Ал быйыл 73 жашка чыгат.
Айта кетсек, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 2016-жылы 28-августта инсульт диагнозу менен ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат тараган. 2-сентябрда Өзбекстан бийлиги президенттин каза болгонун расмий түрдө билдирип, өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланган.
Татьяна Каримова жолдошу Ислам Каримов экөө 1967-жылы баш кошуп, Гүлнора жана Лола аттуу кыздуу болушкан.