11-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында министрликтен кабарлашты.
Ага ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулады.
"Алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары тараптар аймактык коопсуздук маселелерине, «Борбор Азия+Россия Федерациясы» диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана Нур-Султан шаарында мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Ошону менен катар тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууга макулдашышты.